Шашылыш билдирүү! 5-июлда аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жетиши мүмкүн

2-4-июль күндөрү болгон +41°C ысыктан кийин эртең, 5-июлда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жетет. 
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 5-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jarkyn_jakta_jasha
2015-07-04 16:01:08
тезираак эле жамгыр жаасынчы
0
Naimanka-kg
2015-07-04 16:21:28
Жамгыр шаарга жааса экен.
0
uragan007
2015-07-04 21:31:21
биздин кочого да жаааааааасын
0
Parish
2015-07-04 23:24:38
жааганы го жаайт деп атат
шамаалы коркунучтуу
болуп атпайбы.25-30 метр
секунтасына шамаалдын
ылдамдыгы болсо,
уйлордун чатырын бузуп
кетиши мумкун да.
Кудай эле сактасын.
0
kemel81
2015-07-05 13:15:16
Кайсы райондордо так маалымат жокпу. Анан шамал кыйратып кеткенден кийин биз айканбыз деп чыгасынар. Хотя и на эту рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан