21-июль күнү Талас облусунун Кара-Ой айылында өлкөдө кендердин сатылып жатышы боюнча жарандык активисттердин чогулушу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө “Талас эл ынтымагы” кыймылынын активисти, Кара-Буура районунун тургуну Амангелди Артыков билдирди. Анын айтымында, нааразычылык акциясына орто эсеп менен 10-15 миң адам чогулат.
“Башкы талап - "Жер-Үй" кенинин иштөөсүнө бөгөт коюу. Мындан тышкары учурдагы Кара-Буурада иштетилген кенден кийин экологиялык катастрофа жөнүндө сөз болот. Ал жерде жадакалса форель балыгы жоголуп кеткен. Шыраалжында да ушундай эле көрүнүш.
Биз аталган тынч митингге өлкө башчыны, өкмөт өкүлдөрүн сиздер аркылуу келип катышууга чакырабыз. Эгер алар келбесе, анда биз борборго - Бишкекке чейин барганга даярбыз. Айта кетсем, учурдагы кендерибизди цианид менен иштеткендин кесепети Нарын дарыясына чейин өз таасирин тийгизди, суунун 43 пайызында бул зат бар экени аныкталды”,- дейт активист.