Эртең саат 11:00дө Коомдук телерадиокорпорациясынын астында мекеменин учурдагы жетекчиси Илим Карыпбековко каршы митинг өтөт. Муну бүгүн, 8-июлда маалымат жыйынында жарандык активист Аманбол Бабакулов билдирди. Анын айтымында, жаңы жетекчи аталган кызматка келгенден бери телеканалда сөз эркиндиги жоголду.
“Учурда КТРК коомдук эмес эле, мамлекеттик болуп калды. Буга далил катары айтсак, анда “Азаттыктын” программалары жабылды. Экс-президент Аскар Акаевдин интервьюсу камтылган берүүнү алып салды. Илим Карыпбековго биз эле эмес, өзүнүн кызматкерлери да каршы, анткени ал жаңы кызматка отурганда “айлыктарыңарды көбөйтүп берем” деген убадасын берген. Анысын аткарбаган соң, “мурунку жетекчилердин жеп кеткен жыртык-тешиктерин жабуудамын” деп айткан.
Митингге эртең болжол менен 100гө жакын адам келет. Биз Карыпбековдун жумуштан кетишин талап кылабыз”,- деди Бабакулов.