Быйыл Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна 7 миңден ашуун адам бата турган мечит курулат

7-июлда Кыргыз Республикасынын муфтиятынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев "Ихсан хойрия" кайрымдуулук фондунун төрагасы Магаметов Муса шейх менен жолугушту. 

Муфтияттан билдиришкендей, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын борбордук мечитинин ордуна жаңы мечит жана шаардык казыят куруу жаатында эки тараптуу пикир алышты. Сүйлөшүү учурунда мечиттин курулушу толугу менен "Ихсан хойрия" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланарын фонддун төрагасы Магаметов Муса шейх айтып өттү. Аталган жаңы долбоордун алкагындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2015-жылы борбордук мечиттин ордуна жаңы мечиттин курулары белгилүү болуп, курулуш келишимине эки тараптуу кол коюлду.

Жаңы салына турган борбордук мечитке 7000ден ашуун киши батып, 2 кабаттуу жана 40 метрден жогору 2 мунаралуу болмокчу. Мечиттин 1-кабатынын бийиктиги 7 метр болуп, автомашина коюлуучу жайы дагы ыңгайлаштырылган.  


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kobra86
2015-07-08 17:10:58
оо менин таксырым иштеген мечит жаныланат турбайбы Магаметов Муса шейх сизге Аллах ыразы болсун
0
Edik_86
2015-07-08 17:25:03
аллах раазы болсун
0
KGstan81
2015-07-08 17:31:11
Аллах ыразы болсун бирок ошону менен бирге качан Кыргызстанда 7мин оорунду спорт сарайлары жана заманбап 7 мин оорунду стадиондор ачылат.Азыркы кезде Кыргызстаныбызда Аллага шугур мин деген мечиттер курулган бирок спорт залдар, спорт комплекстер саналуу гана
+1
ularik_kg
2015-07-09 03:53:52
Мечиттен башка нерсени кыйрата бергиле арбир кочодо мечит болуп кетти, мечиттен башка. Мектеп, бала бакча, карыялар уйу, оору каана, маданият уйу, дем алчу лагерлер. Ойлонуп иш кылсанар.
0
Mirba24
2015-07-09 05:03:43
Мечитти диний уюмдар салып атат. Мамлекетин чонтогунон бир тыйын кеткен жок. Мечит салган учун мамлекетке салык толоп атат. Суйунуш керек ушундай сонун имарат тушуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан