Жыл аягына чейин 49,7 миллиард сом салык төлөмүн чогултуу пландалган. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов Бишкектин "Орто-Сай" базарында өткөн рейд учурунда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой, Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов "Орто-Сай" базарында соода кылгандардын мыйзамдуу иштеп жатканын текшерип, алардын аталган кызматтын аткарган жумушуна болгон ой-пикирин укту.
Айта кетсек, учурда "Орто-Сай" базары 2 ири жана 11 кичи базардан турат. Анда 1147 салык төлөөчү иштейт. Алардын төлөмдөрүн убагында алуу максатында соода комплексинде 9 терминал орнотулган.