Жогорку окуу жайларда окуган ата-энеси жок студенттерге акчалай жардам көрсөтүлдү

Жогорку окуу жайларда билим алган ата-энеси жок бир катар студенттерге акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мэриянын өкүлдөрү ата-энесиз калган студенттер менен жолугушуп, 18 бүтүрүүчүгө 3 миң сомдон жардам көрсөттү. Мындан тышкары 144 ата-энеси жок жогорку жана орто окуу жайлардын билим алуучуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1000 сом жана 700 сомдон ай сайын стипендия түрүндө берилип келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-07-09 02:32:15
Жетимдин бешенесинен сылап отсон жетимиш соопчулук иш жасаганга тете деп коюшчу эле. Мериянын конул болуп мээрим токкондоруно, жардам колун созгондоруна АЛЛА раазы болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан