Алмазбек Атамбаевдин бир тууганы Калыйбек Шаршенов көз жумду
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Калыйбек Шаршенов 64 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу "Интерфакс" президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевге шилтеме берүү менен жарыялады. Маалыматка таянсак, К.Шаршенов 8-июлда өзүн жаман сезип, кечинде каза болгон. Ал Аламүдүн районундагы Арашан айылында жашачу. Буга байланыштуу президенттин Уфага учуусу бир нече саатка артка жылганы айтылды. Алмазбек Атамбаев Уфада Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышмакчы.