Кыргыз жергесинде 200 миң адам жумушу жок отурат

Кыргыз жергесинде 200 миңден ашык адам жумушу жок отурат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Улуттук статистика комитетинин эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 2,5 миллион адам ишке жарактуу болуп саналат. Бирок алардын 2,3 миллиону гана жумуш менен камсыздалган.

Баткен облусунда экономикалык активдүү калктын 12,6 пайызы гана иштейт. Ал эми жумуш менен эң жакшы камсыздалган облус - Талас аймагы, анда калктын 73,2 пайызы эмгектенет. Өлкөдө жумуш менен камсыздалгандардын саны боюнча эң жогорку көрсөткүчтү курагы 30-49 жаштагы жарандар түзөт. Муну менен катар айта кетсек, республикада жаштардын үчтөн бир бөлүгү гана жумуш менен камсыз болгон”,-дейт Жайлообаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mirlanpiter
2015-07-09 12:40:48
200000 аз сан, чынында 2,3 эсе коп болуш керек
0
asilkg
2015-07-09 13:28:30
Эки жуз мин адам жумуш издеп кайрылса керек болбосо булар бул статистиканы тушундо коруп айтып жатат.
0
okumushtuu
2015-07-09 13:41:11
оооооооо таласта жумушсуздар жок дегилечи э
0
okumushtuu
2015-07-09 13:44:21
ошо 2,3 миллиондун 80 пайызы мамлекеттик жумуштарда иштейт мисалы мугалим милиция налоговый тиги бу а башка мамлекеттердегидей менчик жана айлык коп тологон фабрика фирма корпорация, компаниялар 20 пайыз менин оюм
0
talant87
2015-07-09 15:27:48
менин ойум 70% ОЗУ иш таап иштесе керек эл ,15 % мамлекеттик иште. 15% толугу менен иштебесе керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан