Жалал-Абадда инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган Эл аралык форум өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы “Эркиндик” аянтында бүгүн 9-июль күнү I Эл аралык бизнес-форум өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Казакстандан ишкерлер менен инвесторлор катышууда. "Жергебизде өткөрүлүп жаткан бизнес-форумдун башкы максаты инвестициялык климатты жакшыртуу жана аймактагы экономикалык өнүгүүнү, соода-сатык жана экономикалык байланыштарды бекемдөө болуп саналат. Бул максатта калкты жумуш менен камсыздоодо чет элдик инвесторлорду тартуунун мааниси чоң экендигин дүйнөлүк глобалдуу өнүгүү айкын далилдеп турат. Форумдун алкагында бир катар келишимдер түзүлөрүнө ишенем",- деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева.

Форумдун кийинки бөлүгүндө айыл чарба, өнөр жай, туризм тармагы боюнча тегерек стол өтөт. Эки күнгө созулган форумда катышуучулар "Келечек", "Нур" жана "Мата" сыяктуу өндүрүш ишканалары менен жеринде таанышып чыгышат. Ошондой эле район-шаарлардан ишкерлер продукцияларын алып чыгышып, көргөзмө уюштурулду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uefamif
2015-07-09 12:44:59
Жалал-Абад онуксунчу. Эми инвесторлорду кармап калгыла жакшы шарт тузуп.
0
Jakykg
2015-07-10 23:46:48
туура айтасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан