Өлкөдө товарлардын экспорту 2,6 пайызга жогорулап, импорттоо 16,1 пайызга азайды. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июлда Улуттук статистика комитетинин тышкы экономикалык ишмердик статистикасынын башкы адиси Гүлайым Шаяхметова маалымат жыйында билдирди.
"Экспорттун жогорулашы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттерден тышкары өлкөлөргө чыгуулардын 29,8 пайызга өсүшү менен шартталды. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнө товар ташып чыгаруу 33,3 пайызга азайды",- деди адис.