Ош шаарындагы бала бакчаларда наристелердин тамак-ашына бөлүнгөн акчаны жогорулатуу маселеси көтөрүлдү. Мындай кабарды бүгүн, 9-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, кечээ, 8-июлда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана мэриянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүлдү. Анда бала бакчалардагы наристелердин тамак-ашынын калориясын көтөрүү, коррупциялык элементтерди жоюу маселелери талкууланды.
Жыйындын аягында
балдар бакчаларынын санитардык-гигиеналык абалын текшерүү үчүн атайын комиссия
түзүү, балдарды витаминдештирүү жана тамак-ашынын калориясын жогорулатуу боюнча
бир катар
иш-аракеттерди иштеп чыгуу чечими чыгарылды.
Мындан тышкары балдардын алып жаткан таалим-тарбиясын жана билимин текшерүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалды.