12-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы "Ключевая" көмөк чордонунда оңдоп-түзөө жумуштары жүргөндүгүнө байланыштуу шаардагы бир катар аймактарда электр жарыгы убактылуу чектелет. Анда Хамза, Букуми, Жуматаев, Икрамов, Садовая, Салы Бакиев, Некрасов, Горький, Калинин, Пушкин, Мельничная, Токтогул, 1-Май, Октябрь, Кызыл Армия көчөлөрүндө, аны менен катар Токтогул атындагы эс алуу багында, Жалал-Абад шаардык архив бөлүмүндө, Өрт өчүрүү кызматында, облустук прокуратурада, Медициналык окуу жайда, Жалал-Абад шаардык газ чарба бөлүмүндө эртең мененки саат 08:00дөн баштап кечки саат 18:00гө чейин электр энергиясы берилбейт.
“Жалал-Абад электр” ишканасынан маалымдашкандай, ошол эле күнү "Промышленная" көмөк чордонунда да электр линияларында оңдоп-түзөө жумуштары уланып, анын негизинде Курманбек, Достук кичи райондорунда Баетов, Тоголок Молдо, Курулуш көчөлөрүндө жана Жалал-Абад облустук статистикалык бөлүмү менен эт комбинатында да 08:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн ишкана кечирим сурайт.