Аксыда "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн тургундардын абалдары жакшы

Аксы районундагы Ак-Суу айыл аймагында 8-июлда райондук ооруканага 8 адам (Жаңы-Талап айылынан 5 адам, Коргон-Төбө айылынан 1 адам, Ак-Төбө айылынан 1 адам жана Ак-Сай айылынан 1 адам) сибирь жарасы оорусуна күмөндөлүп жаткырылган. Жергиликтүү тургундар ооруп калган 1 баш жылкы жана 1 баш уйду союп, этти элге таратышкан. Бейтаптардын абалдары жакшы, дарылоо улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү эл арасында сибирь жарасы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-07-10 09:16:50
Кудай сактасын бул оруудан. Ушул жерде журуп, укбадым.
0
Merimka2012
2015-07-14 07:10:20
Буйруса баары жакшы ден соолукта болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан