Кымыз майрамы Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында болуп өттү. Бул тууралуу 10-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаарда өткөн I бизнес-форумдун катышуучуларына кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды даңктоо жана бул
суусундуктун элдин саламаттыгына болгон пайдасын жайылтуу максатында кымыз сунушталды. Иш-чарада конокторго алыскы аймактардан, жайлоолордон алынып келинген
кымыз суусундугу жана нукура кыргыз тамак-ашы тартууланды. Кымыздын сапатына, даамына сынак жарыяланып, атайын комиссия түзүлүп, кымызга баа беришти.
Майрам концерттик программа менен коштолуп, жыйынтыгында кымыз боюнча алдынкы орун алган район, шаарларга байгелер берилди. Баш байгени алган Тогуз-Торо районуна 10 миң сом, 1-орунду алган Аксы районуна 8 миң сом, 2-орундун ээси болгон Сузак районуна 6 миң сом, 3-орунга ээ болгон Токтогул районуна 5 миң сом тапшырылды.