Өлкөдө мал арасында эң көп кездешүүчү оорулар болуп бруцеллёз жана сальмонеллёз эсептелет

Өлкөдө мал арасында эң көп кездешүүчү оорулар болуп бруцеллёз жана сальмонеллёз эсептелет. Мындай маалыматты бүгүн, 10-июлда журналисттерге Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун директорунун орун басары Асан Кыдыргычов билдирди. Ал аталган борбор 100дөн ашык түрдүү изилдөөлөрдү өткөрүп келгенин айтат. 

Мекеме жылына 3 миллиондон ашык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Биз талаа өсүмдүктөрүн жана айыл чарбага тиешеси бар азыктын сапатын текшерип, сертификат беребиз. Аны менен биздин ишкерлер өз товарын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында чет жакка чыгарып сата алышат. Учурда биз бал, сүт жана эттин бардык түрлөрүн ар кандай ооруларга карата, ошондой эле антибиотик, гормон, микотоксинди аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөбүз”,- деди Кыдыргычов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-07-11 00:13:31
Малдын этинен, сутунон, жада калса малды союу кезиндеги малдан оору жуктуруп алган кездер коп кездешет. Бирок, биз маани бербегенибиз аягы бруцеллез, салмонелез ж.б. ооруларды жуктуруп алабыз деп ойлонбой тобокелге салуу каныбызга синген адат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан