12-июлдан 16-июлга чейин ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт, абанын температурасы
кайрадан +41°C болору мүмкүн. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин расмий сайты жарыялады.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө
жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында +41°Cге чейин, тоо этектеринде +35°C, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +34°C чейин көтөрүлүшү
күтүлөт.
Ушундай ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүн алдында көпкө жүрбөө, дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.