Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Индиянын дарыгерлерин видео аркылуу байланыштырып, алыскы аймактагы бейтаптардын дартын аныктоо жана кеңешип дарылоого шарт түзгөн медициналык телеборбор ачылды. Аталган борбордун ачылышы 12-июлда өтүп, ага өкмөт башчы Темир Сариев жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышканын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Сариев аймактардагы жашоочулар менен аскерлердин саламаттыгы үчүн кызмат кылчу бул борбордун ишин жогору баалады. Бул телебайланыш Кыргыз Республикасынын аймагындагы дарыгерлер менен Индиянын эки шаарындагы дарыгерлерди видео аркылуу байланыштырып турат.