“Түндүк электр” ишканасы: Июнь айында 340,6 миллион сомго барабар төлөм чогултулду

“Түндүк электр” ишканасынын июнь айына болгон товардык продукциясы 320,8 миллион сомду түзүп, 340,6 миллион сомго барабар төлөм чогултулду. Бул тууралуу 13-июлда ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Июнь айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 114,2 пайызды түзгөн. Ал эми өндүрүштүк объектилерден төлөм чогултуу 96,4 пайыз, айыл чарба объектилеринен 93,4 пайыз, башка керектөөчүлөрдөн 97,3 пайыз жана бюджеттик уюмдардан 135,1 пайызга аткарылды.

Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу июнь айы боюнча борбор калаабызда 102,2 пайызды, Чүй облусунда 108,4 пайызды, Талас облусунда 132,4 пайызды түздү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан