Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" турган Кыргыз Республикасынын 49 миң жараны 10 күн аралыгында тизмеден чыгарылышы мүмкүн

Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" турган Кыргыз Республикасынын 49 миң жараны 10 күн аралыгында тизмеден чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда мигранттардын укуктарын коргоого арналган тегерек столдун жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департамент кызматынын кеңешчиси Гүлнура Нарматова маалымдады. Нарматова учурда Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" жалпысынан 77 миң кыргыз өлкөсүнөн барган мигрант катталуу экенин айтат.  
"Биздин жарандарды аталган тизмеден чыгаруу боюнча бир катар жумуштар аткарылган. Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге бул маселе боюнча кат менен кайрылган. Ушундай эле кайрылуулар премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан Орусиянын тиешелүү органдарына жөнөтүлгөн. Натыйжада Орусияда жүргөн потенциалдуу түрдө "кара тизмеге" кирип кала турган 192 миңдей кыргыз жараны 10-июлдан 1-ноябрга чейин Орусия Федерациясынын аймагынан чыгып, кайра киргенге мүмкүнчүлүк алат",- деди Нарматова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Birbaw97
2015-07-13 16:00:48
Жакшы болмок эле
0
kursantbek
2015-07-13 16:16:00
менда кутуп жатам чыгып калар бекем деп кундо текшерип турам))))
0
mister
2015-07-13 16:27:39
Кара тизмени кайсыл жерден текшерип турса болот чыккан чыкпаганын...
0
sezim_osmonalieva111
2015-07-13 16:35:42
А кара тизмеде жок,,бирок 3 жылга кирууго запрет болгондор эмне болот?Биз озубузду кайсыл жерден текшертсек болот..
0
minchynar
2015-07-13 16:49:56
Мен департ болгом азыр масквадамын , мениделе чорни списоктон чыгарат бекен е ?
0
hairullo
2015-07-14 15:34:53
minchynar, департ, масква, чорни эмес, депортация, Москва, черный.
0
saru
2015-07-13 16:50:07
Дагы эле алдамай,кудай билет 10 кундо чечилери.Суйлошулгон маселени эмдигиче тактаган эч ким жок
0
minchynar
2015-07-13 16:53:43
fms.gov.ru бул сайтан текшерсениздер болот!.
0
sezim_osmonalieva111
2015-07-13 17:46:51
бул сайттан болок ФМСтин сайтынан болок каерден озубузду текшере алабыз интернеттен?Мен фмс те жокмун,,бирок кайтарып салышты 2 жолу
0
Gulya.akbaralieva
2015-07-14 15:25:41
Туура жазгылачы сураныч. Департ болдубу чыкпайт ал чыккан да эмес. www.fms-gov.ru текшергиле. Фмске чалсанар да болот. Баарына кол коюлганы менен эч нерсе кучуно кире элек. Москвада канчадан бери журом. Документ жок эч кайда жумушка албайт
0
hairullo
2015-07-14 15:33:27
Gulya.akbaralieva, Туура жаз деген адамдар оздору туура жазгылачы. Департ деген соз жок. Депортация дегенди кыскартып депорт деп коюшат. Бир жолу гепард эле деп албапсынар.
+1
ayzyrek89
2015-07-14 18:17:05
Текшере албай жатам кантип текшерет толугураак маалымат берип койунуздарчы сураныч
0
Diana2013
2015-07-23 13:03:12
Мени да аеропорттон запрет кылган бирок текшерсем таза чыгып атат fms.gov.ru ушул сайттан кимге кайрылсам болот ИИ каерден текшертсем болот дагын жооп берип койгулачы админ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан