Кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдө сезон кызыды (фоторепортаж)
Ысык-Көл кыргыздын кереметтүү, ажайып кооз жерлеринин бири болуп саналат. Тоолор менен курчалган, абасы таза Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жаратышса, жазуучулар тамшандырган көлөмдүү чыгармаларды жазып келишти. Акын-жазуучуларга эргүү тартуулаган көлдү бүгүнкү күндө туризмдин борбору деп атоого болот. Табиятынын кооздугуна, суусунун тунуктугуна суктанып келген чет өлкөлүктөрдүн саны арбын. Өткөн жылы жүргүзүлгөн сурамжылоодо Ысык-Көлдүн орусиялык туристтердин тандоосу боюнча СССР учурундагы курорттордун арасында алдынкы орунда тургандыгы да бекеринен эместир. Учурда эс алууга келгендердин көптүгү, балык сатып жүргөндөр, кумдуу жээкте ойноп жаткан балдар көлгө түшүү маалы кызып, быйылкы туристтик сезондун жанданганынан кабар берет.
Автор: Айпери Ганыжан кызыФото: Максат Орозумбетов
Ыссык- Колго жете албай Ошто ысыкта биз отурабыз. Кандай керемет, жылда баргынды келтирип, сагынтып, саматып, озуно жеткизген касиеттуу колубуз. Эс алуучуларга конулдуу эс алуу каалайбыз. Кудайым бизге дагы буйруп барып каларбыз жакын арада.
+11
Arzu.kg
2015-07-13 17:24:54
Ох колго качан жетебиз?
0
Bors
2015-07-13 17:28:19
Моо матрос байке сол кол манжасына пивону кымчып алып бараткан жерин тартпай эле койбоптурда.
0
Sexy_88
2015-07-13 17:43:47
Bors,жакшылап карасаныз ал жерде жатат))) Мен да ошентип ойлоп кеттим. Эс алуунун эн сонун туру бул сууда сузуу, сууга тушуу да.
+4
Danel
2015-07-13 17:49:14
Тиги жалгыз олтурган жаш баланы, бир жакшыга болуп тушуптур фотого))
Uli6886 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
Azim.00kg
2015-07-13 18:28:07
Кандай сооонун. Фотону коруп баргым келип кетти Аксыдан Жете албай журом. Эс алуучуларга Ысык салам.
0
azamat.k
2015-07-13 18:48:33
Кандай гана сонун керемет Ыссык-Кол. Эч эле бара албай жатам! Суротторду коруп баргым келип кетти. Кудай буюрса барып калаттырбыз.
+1
bermet104
2015-07-14 00:32:06
Кичинекей бобоктун суроту сонун экен баарынан да
+2
Amantur.
2015-07-14 00:52:33
Ох,биз качан жетээр экенбиз ушул көлгө...
+2
insap
2015-07-14 09:47:05
Ыссык- Кол чыныгы кооз ары рахаттуу ес алуу аймагы екен. Эми бул жерде адамды бүшүркөтө турган көйгөй, Эвропа маданиятын кадимкидей тез кабылдоого дилгир көптөгөн боорлорубуз жарым жылаңач болуп алып сууга түшүп Кыргыздык жүрүм турум, ыйман-адепке кайчылык кылган «медалдын екинчи бети»ыйманыбызды булгап, рухубузду аз болсо да тажыркатып жатаабы-емне?...
-3
Kamolovna
2015-07-14 17:02:28
insap,сиздин "э""е" тамгаларынар ысыктан баштары айланып адашып бири биринин ордуларына туруп алышкан окшойт ))))
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.