SUPER.KG порталына
Whatsapp аркылуу байланышкан окурмандар Ош облусуна караштуу
Алай районунун Сопу-Коргон айылында жана
Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылында ичүүчү суу чыгаруучу жабдуулар бузулган бойдон турганын, айылдын жашоочулары сууну алыстан ташып келип жатышканын билдиришкен эле.
Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда
SUPER.KG порталына Калктуу конуштарды таза суу менен
камсыздоо жана агындыларды өркүндөтүү департаментинин Ош облустук
бөлүмүнүн башчысы
Сопубек Каракожоев аталган айылдар жакынкы күндөрдө ишке ашырылчу долбоорлорго киргизилбегенин билдирди.
"Азыркы тапта Алай районундагы Гүлчө, Согонду, Кызыл-Булак айылдары гана таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорго киргизилген. Сопу-Коргон айылын да, Араван районундагы бир катар айылдарды да таза суу менен камсыздоо зарыл, бирок кийинки долбоорлордо ишке ашырылат",- деди ал.