Орозо айында эң ыйык деп саналган Кадыр түн кыргыз жеринде 13-июлдан 14-июлга караган түнүндө белгиленди. Кадыр түндү Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү борбордук жана бир катар ири мечиттерде тосушууда. Бишкектеги "Каси" мечитинде жылдагыдай Кадыр түн тосуучулардын саны көп болуп, айрымдары жайнамаздан орун ала албай, четте туруп намаз окууга аракет кылышты.
Орозо ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Орозо айында орозо кармоо - мусулмандардын парзы. Бул ай мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан. Ал эми Кадыр түн кечеси миң айдан да куттуу.