Японияда күндүн ысыгынан миңдей адам ооруканага жаткырылып, төрт адам көз жумду

Япониянын көпчүлүк аймактарында күндүн ысыгынан апта ичинде миңдей адам ооруканага жаткырылып, төрт адам көз жумду. 6-12-июлдагы маалыматтар тууралуу өлкөнүн Өрттөн сактоо кызматына шилтеме берүү менен 14-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Белгилүү болгондой, Сайтама шаарында 190 адам, Осака - 185, Кумамото - 172, Токио - 162 жана Айти аймагынан 161 адам ооруканага жеткирилген.

Абанын температурасы жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү кескин жогорулап, ушул күнү 800дөн ашуун жаран бейтапканага кайрылган. Метеокөзөмөлдөө кызматы абанын температурасы айрым жерлерде +38,4°C болгонун маалымдады.

Бүгүн, 14-июлда Тояма шаарында абанын температурасы +37°C, Токио, Осака жана Киото шаарларында +35°C болору күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aidartegin
2015-07-14 10:56:15
Ушуга элеби???

+5
BAYAW-KG
2015-07-14 11:13:41
aidartegin, ушуга эле эмес. Азыр кандайдыр бир ысстык пайда болго. ал адамдардын олумуно да себеп болуудаго дейм.
0
Holerik10
2015-07-14 11:18:50
70жылда бир келчу ысык деди беле? Булар ысыктын озунон эмес ысыкта кучоп кеткен оорулардын улам коз жумгандар болсо керек.
0
Amai
2015-07-14 11:23:41
Кыргыз эли чыдамкай +48 +50 градускада чыдашат
+4
nazi25
2015-07-14 11:51:22
Кыргыз ысыса тоого качат.
0
Amai
2015-07-14 11:56:07
Ысысанар шоро ичкиле же алайкунун муздак курутун ичкиле зор
+2
Dadasdasd
2015-07-14 12:09:08
Amai,алайкуудан болок жактын куруту жарабайбы.?
0
bermet104
2015-07-14 14:45:22
Глобальное потепление болот дечу эле... Ушул го. Япония учун +38 ысык эле да. Орточо температура туштугундо+20, +23, эн ысыгы +28 экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан