Байланыш операторлоруна мыйзамсыз салык салуу интернеттин кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов билдирди. Анын айтымында, эгерде салыктын көлөмү көбөйсө, интернет жана телефон колдонгон жөнөкөй жарандар жабыркайт.
“Жергиликтүү байланыш операторлору интернетти Казакстан жана Орусиядан алышат. Эл аралык келишимге ылайык, компаниялар аралык киреше ошол өлкөлөргө төлөнөт. Ошол эле учурда биздин бул жерде тапкан акыбыздан салык алынат. Учурда Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк инвестордун кирешесине кол салып жатат. Анын суммасы миллион долларга жакын, бул нерсе операторлорду банкротко алып келет. Учурда бул боюнча Казакстан жана Орусиянын элчиликтерине кайрылдык, алар бизди толук колдошорун билдиришти”,- деди Баканов.