“Бүгүнкү күнгө чейин жерге болгон Кызыл китептер чаржайыт берилүүдө. Заңгыратып үй салып койсоң, экинчи күнү бирөө келип “бул менин жерим, кет бул жерден” деп чыгат. Бул жерде Мамлекеттик каттоо кызматы же шалаакылык кылып жатат, же коррупция схемасы жүрүүдө. Учурда жактоочу жалдаш үчүн 300 доллар керек экен. Карапайым элде мындай акча кайдан, жыйынтыгында колунда барлар соттон жеңип чыгып жатышат”,- деди Матаев.