Ошто эттин баасын 20 сомго арзандатуу чечими кабыл алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаардык бөлүмү Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар менен биргеликте Ош шаарынын аймагындагы эт сатылуучу соода түйүндөрүндө, касапканаларда жана шаардык мал базарда малдын этинин чекене баасын тактоо үчүн жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын талдоо үчүн жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда аталган агенттиктен билдиришти. 
Жыйында негизинен 10-июлдан баштап малдын этинин 1 килограммын 320 сомдон сатуу боюнча макулдашууга жетишилгени айтылды. Буга чейин эттин баасы 340 сомдон болгон. "Эттин баасын көзөмөлдөө милдети шаардык аймактык кеңештерге, Ош шаарынын Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жана Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясына жүктөлдү",- деп билдирет мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
hairullo
2015-07-14 15:41:57
Туалеттин баасын да козомолдоп койсонуздар, сураныч. Кыстап кетип Машинадан 5сом алып, туалет издеп кыйла алыс жердеги туалетке кирип чыгып 5 сом берсем "10сом деп жазылып турат козун жокпу" деп бакырып,уят кылды. Дагы келгенде таштап коеюн десем да болбой, телефонду таштап, 5сом алып келип кутулдум.
+5
anjela500
2015-07-14 16:06:30
hairullo,аябай ичти эздин го
+2
zhusaliev89
2015-07-14 16:36:17
Мал арзан эт кымбат 20 сом эмес кобурак эле тушуруш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан