2010-жылы Июнь окуясында жаралган конфликттик өзгөчө кырдаалдан көбүнесе аялдар менен кыздар жабыркаган

2010-жылы Июнь окуясында жаралган конфликттик өзгөчө кырдаалдан көбүнесе аялдар менен кыздар жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда “Калктын алсыз топтору өзгөчө кырдаалда” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Болотбек Аманбаев билдирди. Анын айтымында, учурда өзгөчө кырдаалдарда гендердик зордук-зомбулукту жоюуга арналган документ иштелип чыгууда.

Бүгүн биз ошол жаңы документти талкууга алып жатабыз. Анын негизги максаты - министрликтер менен ведомстволор ортосунда аткарыла турган жумушту тактап, бир нукка коюп иштөө. Анда өзгөчө кылдаалда зомбулукка учураган аялга же кызга кандай мамиле жасоо кажет, аны кайсы мекеменин карамагына жөнөтүү зарыл жана башка ушуга окшогон иш-аракеттер жазылат. 

2010-жылы болгон Июнь окуясы биздин жумуштагы кемчиликтерди ачык көрсөтүп койду. Ошол конфликтте канча адам зомбулукка учурагандыгы катталган эмес, демек, белгисиз. Көптөгөн адамдар күч органдарына да кайрылган эмес”,- деди Аманбаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bors
2015-07-14 18:36:39
Эски жараны козгоп не кыласынар
+5
Ayperi94
2015-07-14 19:03:34
Жазылып, суйлонуп эле калбастан бир чара корулсо жакшы болмок . Себеби мындай окуялар башка кайталанбаш учун июнь окуясына кимдер себепчи экенин аныктап тиэшелуу жазасын алуу керек.
0
Rifle
2015-07-14 20:04:50
Ошол окуянын туздон туз себепчилери кармалган ошол замат эле биздин СНБ аркылуу. Арты таза эмес , белгилуу эле биздин "кыргыз элим":-деп жургон бийликтеги атактуу адамдар, Кыргызстандан чыгарып жиберишкен. Эмнеге деген суроого логика да жооп бере алат.
+3
Rifle
2015-07-14 20:06:32
Июнь окуясын эстесем, жиним келет. ХХХ ХХХ ХХХ... Кыргызым деп журогум согот.
+2
Aramisa
2015-07-14 20:18:14
Rifle, menda koshulam.
+2
admin_portal
2015-07-15 11:28:39
Rifle - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Wolf_ero
2015-07-14 20:26:09
Кобунесе аялдар менен кыздар жабыркаганын эми билишиптирби,кыжырды гана келтиришет да бл. . . .
+2
avtogrand
2015-07-14 20:53:30
Колунан балаа да келбейт булардын. Бироонун нервин бузгандан башка
0
bad.girl
2015-07-14 21:14:30
мыкаачылылар жазасын алыш керек.
+1
nur_2010
2015-07-14 22:14:31
BORS_Сенин созуно кошулбайм.ал кундорду ошондо курман болгондорду биз ар дайым эстеп журушубуз керек.
0
raia
2015-07-15 01:13:51
Кобун эсе аялдар менен кыздар дейсинер, ал эми жашы жете элек балдар,кыздарчы?Эч нерсеге акылы жетпей,кыргыз болгону учун кордолгонуна тушуно бербей,эмне куноо кылдым булар мага азап бергендей деп жаны кыйналган балдарды эстесем,мин наалат урушту чыгарганына да,коргоп кала албаганына деп сыздап кетем.Бей куноо адамдар,жазыксыз кыздар,жашы жетелек балдар кыздардын олумуно себепкерди таап,жазаасын бере албаган алсыздыгыбызды эстесем,журогум ооруп,убалынар уктатпасын от менен ойногон наадандар,гулг
0
raia
2015-07-15 01:19:19
ундой омурду соолткон канкорлорго,убалынар жетсин...
Дуйнодо согуш болбосун...
Энелердин коз жашы тогулбосун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан