Бишкекте мыйзамсыз курулган дубалдын бир бөлүгү соттун чечими чыга электе сүрдүрүлдү

Бишкекте мыйзамсыз курулган дубалдын бир бөлүгү соттун чечими чыга электе сүрдүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Ким А.Х. аттуу жаран короосунун аянтын кеңейтип, дубал куруп алган. Натыйжада
З.Бектенов атындагы көчөнүн аянты кыскарып кеткен. Бул боюнча иш сотко берилген, бирок Кимдин "ооруп жатам" деген себептеринен улам кийинкиге жылдырыла берген. Ошол эле учурда аталган жаран эч кандай ооруканада катталбагандыгы белгилүү болгон. Мындан улам бүгүн, 14-июлда мыйзамсыз тургузулган дубалдын бир бөлүгү соттун чечими чыккыча сүрдүрүлдү. Маалым болгондой, мындай учурлар өтө көп. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rifle
2015-07-14 20:08:41
Жон эле чекесин бузуп коюптур. Суруп салыш керек болчу. Жолдорду баары эле тосуп алыптыр тарытып. Минстрин кошуп суруп салганга, эки колдон добуш берем.
+4
nur_2010
2015-07-14 22:40:15
жакшы болуптур тазалагыла четтен, озу бишкек узунунан эмес туурасынан осуп кетти эле жайылып
+4
Uli6886
2015-07-15 12:08:43
Эркек экенсинер)))
0
Bator
2015-07-15 13:52:45
тартип деген ушул.
0
chalkan
2015-07-15 14:09:41
Забору эмне, үйүн бузуп баштаса айтмакбыз тартип деп.
0
RASTAMAN
2015-07-16 22:30:05
Бир аз сургон сон тытышып кетишкенго ары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан