Өлкөдө 193 миң жаран өзүнүн биометрикалык маалыматын эки жолудан тапшырып жиберген

Учурда өлкө ичинде 2 миллион 470 миң жарандын маалыматы толугу менен чогултулуп, бирдиктүү серверге киргизилди. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 14-июлда Ош шаарында өткөн жалпы жыйында белгиледи. Сарпашев анын ичинен 193 миңи өзүнүн биометрикалык маалыматын эки жолудан тапшырып жибергенин айтты. Алардын бирден гана маалыматы калтырылып, калганы жокко чыгарылды.

"Таза бийлик таза шайлоо өткөрүү максатында жарандардын бирдиктүү маалыматын камсыздап, Шайлоо кодексинин талаптарын бузбоо аракетин көрүп жатат. Тилекке каршы, айрым бир саясий кызыкчылыктарды көздөгөндөр бул өңүттө шайлоо өткөрүүгө каршы пикирлерин билдирип жатышат. Монголиянын үлгүсүндө шайлоо өткөрүүнүн артыкчылыгы буга чейин болуп келген эки тобокелчиликтин жолун бууду. Демек, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу бир гана тобокелчилик калды. Ал да болсо шайлоочулардын добушун сатып алуу. Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана бюллетень алып, добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочуга шайлоого катышуу үчүн бир эле жолу квитанция алуу мүмкүнчүлүгү берилет",- деди Т.Сарпашев.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов,  шаардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелердин жетекчилери жана шаар тургундары катышканын Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Izdeim_seni.
2015-07-15 08:49:02
Шайлоодо керек кылышмак да ээ,экинчи жолу тапшырганда биринчиси чыгып калбайбы компьютерден?
+1
Abdurahman
2015-07-15 08:59:47
кызык, базага киргизип жатканда мындай маалымат катталган деп чыгыш керек эле да,чыкпаса 10 жолу деле кире берет да
+2
Uli6886
2015-07-15 09:35:58
Abdurahman,Биометрикалык маалыматтарды биринчи флешкага топтоп, анан кийин базага киргизишет. Ошол флешкага топтоо учурунда канча жолу отконун компьютер чыгарып бере албайт болуш кк.
+2
Rifle
2015-07-15 09:07:15
"Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана бюллетень алып, добуш берүүгө укуктуу."

Бул деген жарандын укунуна чек коюу болуп саналат. Паспорт дагы адамдын оздугун, жарандыгын тастыктайт.

Мен биометрикага ишенбейм, жана жеке конфниденциалдык маалымат деп эсептейм. Каалагандар тапшыра берсин.
+2
Uli6886
2015-07-15 09:36:46
60 жаштан жогорку КР жарандарына паспорт алыш маселеси акысыз жургузулот.!!!
+1
erlandyky
2015-07-16 16:01:20
Бул программа толук иштелип чыккан эмес,али кашасы коп чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан