Испаниядагы Памплона шаарында 7-июлдан 14-июлга чейин Сан-Фермин фестивалы өткөрүлдү. Фестивалдын акыркы күнүндө 6 адам жаракат алып, франциялык турист окуя болгон жерден көз жумган. Жаракат алгандар жергиликтүү ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Салтка айланган иш-чарада букалар 2 мүнөт ичинде адамдарды куушат. Ага быйыл жүздөгөн адамдар катышса, миңдеген туристтер күбө болушту.
Испанияда жай айларында өткөрүлүп келген фестивалда жыл сайын катышуучулар жаракат алышат. Мунун алдын алуу үчүн коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берилип келет.