Орусияда аскер казармасы ураганда каза болгон 23 адамдын сөөгү 14-июлда жерге берилди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Иш-чарага набыт болгон аскерлердин туугандарынан сырткары аскердик бөлүктүн бардык жеке курамы, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Омск облусунун жетекчилиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышышты.
Белгилүү болгондой, окуя орун алган казарманын аймагына маркумдардын элесине арналган эстелик тургузулат. ӨКМ тарабынан курулуш материалдары берилип, курулушту Коргоо министрлигинин башкы аскердик инспектору жетектейт.
Эске салсак, Омск облусунда 13-июлга караган түнү төрт кабаттуу казарманын бир бөлүгү кулаган. Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 23 адам каза тапкан. Имараттын пайдубалы чөгүп кеткенинен улам казарма ураганы айтылууда.