Жалал-Абад облусунун Аксы районунда "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн 8 бейтаптан сибирь жарасы аныкталган жок. Бейтаптар дары-дармектер менен толук камсыз болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-июлда бейтаптардан сибирь жарасы оорусуна анализ алынган, ошондой эле жылкынын жана уйдун эти Жалал-Абад облустук жана Бишкек шаарындагы Республикалык ветеринардык лабораторияга тастыктоого жөнөтүлгөн. Мындан сырткары аймактагы Райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү эл арасында аталган илдет боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, 8-июлда райондогу Ак-Суу айыл аймагынан 8 адам (Жаңы-Талап айылынан 5 адам, Коргон-Төбө айылынан 1 адам, Ак-Төбө айылынан 1 адам жана Ак-Сай айылынан 1 адам) сибирь жарасына күмөндөлүп райондук ооруканага жаткырылган. Алар Д.Айталиев жана Н.Төрөбаев аттуу жарандардын ылаңдаган 1 баш жылкы жана 1 баш уюн союп, элге тараткан эттен жеп алышкан.