Өлкөдө кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүн жумуш берүүчүлөр кайра окутушууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда КРнын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиев билдирди. Анын айтымында, кайрадан окутууга көптөгөн каражат жана убакыт кетип жатат.
“Тилекке каршы, жумуш берүүчүлөр кесиптик лицейлер менен иш жүргүзүшпөйт. Жыйынтыгында орто окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү алган кесиби боюнча бир нече ирет окуудан өтүп, анан жумушка орношууда",- деди Давлеталиев.