Бүгүн, 15-июлда Бишкектеги Тарых музейинде кесиптик лицейлердин 102 мыкты бүтүрүүчүсү эл аралык сертификаттарга ээ болду. Иш-чарага катышкан КРнын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиевдин айтымында, мындай саамалык өлкөбүздөгү кесиптик лицейлердин тарыхында биринчи ирет өтүүдө.
“Буга чейин кесиптик лицейлердин окуучулары кадимкидей эле окуу жайын бүтүрүп, күбөлөндүрүүчү документке ээ болушчу. Бул ирет эл аралык уюм менен биргеликте атайын долбоор иштелип чыгып, ага ылайык, жүздөн ашык лицейдин 9у пилоттук долбоорго кирди. 138 окуучу сынак тапшырып, анын 102си эң жогорку бааларды алышты. Алар ашпозчудан тарта куруучуга чейинки кесиптердин ээлери”,- деди Давлеталиев.