Депутат Хажимурат Коркмазов бүгүн камакка алынып, тарапташтары митингге чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов бүгүн кечинде СИЗОго камакка алынды. Учурда депутаттын тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо кызматтарындагы өздүк булак кабарлады. Учурда 50гө жакын тарапташы анын абактан бошотулушун талап кылып турушат.

Айта кетсек, Коркмазов бүгүн, 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
karabek
2015-07-16 02:09:26
Бишкекте узбек жокко кайдан келди митингчилер?
+5
Istina1000
2015-07-16 02:20:11
- Ээ, кызыл кызыл кекиртек, бу, кыйла жерге секиртет - деп, айтып калышчу.... Азыркы заманда алкымды тыйбаса кыйыыын. Нариман Тулеевди акталып кетпесин деп кармап алышты да. Эгер акталуучу адам, азыркы окмоттун казанына от жаккан адам болгондо, билсе да билмексен, корсо да кормоксон болушмак. Бу биздин саясаттын сасык оюндары отоооо эле ашып кетти гооо, чиркин....
+1
Danel
2015-07-16 02:42:12
Бир эле Коркмазов 100 мин $ ала албаса керек деп ойлойм, буга катыштыгы бар дагы бир канда адамдар бар! Бир эле озу коркпой кантип алсын бийликтен коп эле адам болсо керек эле айтпай койуштуда.
+1
Birbaw97
2015-07-16 09:42:23
Danel, 100 мин$ булар учун 100$,тан каласын кантип озбек ак уйдо олтурат кыргыз тилин деле билбесе кэрек
0
nura.177
2015-07-16 14:54:50
Danel, туура айтасын бул озу жалгыз эле ошончо акча албаса керек бийликте олтурган табакташтары болуш керек.
0
Arzu.kg
2015-07-16 03:02:07
Туура дагы бир инвалид
0
ROUSE
2015-07-16 03:37:28
Элдин акчасы да. Мандай терин агызып, мээнет кылып таап келе калды дейсинерби
+1
Charli
2015-07-16 05:52:38
Бул озбекго.
Кайсыл акмактар ушул учун митинге чыгып жатат.
Озубуздун жерде башкаларды бийлике алып келип журо беребизби.
ХХХ ХХХ ХХХ...
+7
admin_portal
2015-07-16 10:19:24
Charli - эскертүү!
Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.
-2
Manap92
2015-07-16 06:00:01
Кайдан келген озбек бул.
Озубуздун жерде башкаларды башкартып коюп журо бергиле эми.
+3
yrysbek
2015-07-16 08:31:35
кетсин жоголсун башка созум жок Коркмазовго
+1
Sake80
2015-07-16 08:53:19
митингге чыккандарды кошо камаш керек 15 суткага
+1
ertur
2015-07-16 08:58:59
Баарын жасап жаткан Данияр Нарынбаев, Кыргызстанга коркунучтуу адамдардын бири ушул, Коркмасов Даниярга ишенгенда болбосо коркмок
+1
Arslana
2015-07-16 10:10:36
Пилииииин...
http://www.super.kg/jylnaama/event/18655

Бул акем 1995-жылдан бери депутат экен. Элестеткиле ошондон бери пара алып журсо, байлыгы, акчалары чирип деле кетсе керек... Мдееее...
+1
Nemo_0587
2015-07-16 10:22:18
Ошол тарапкерлерин кошуп туруп камаш керек. Пара алып кармалса да бошотуш керек деп чыгабы.
+1
marmiladka9
2015-07-16 13:07:24
[moderated] - сасыган саясат эх соз жок!
жоголсун башка айтар нерсе татыбайт.
0
Bolo
2015-07-16 13:29:55
Уурунун орду турмодо! Керек болсо ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-07-16 13:51:19
Bolo - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
karona
2015-07-16 19:13:08
Тарапташтары уялбай кайсы бети менен чыгып жатышат экен? Позор!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан