Өкмөт бүгүнкү жумуш күнүн эки саатка кыскартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 16-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, буга аба температурасынын жогору болуп жатканы жана эртең Орозо айт экени себеп болгон.
“16-17-июль күндөрү абанын температурасы +45 градуска чейин жетери күтүлүүдө. Мындан улам бул күндөрү шаар тургундары сыртка көп чыкпай, үйдө болгону жакшы”,- деп эскертет аталган министрликтин басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Бишкек шаарында эң ысык аба ырайы 1983-жылдын 30-июлунда катталган. Анда абанын температурасынын көрсөткүчү 42,8°C болгон.