Бишкекте Орозо айтты белгилөө саат 06:10до башталып, 08:00дө бүтөт

Быйылкы Орозо айт намазы 17-июлда Бишкектин эски аянтында саат 06:10до башталат. Муфтияттын билдиришинче, саат 06:20дан 7:00гө чейин дин тууралуу маселелер, баяндар айтылат. Ал эми 7:00дөн 7:30га чейин Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев шарият маселелеринен, Орозо айы туурасында баяндама жасайт. Саат 7:30дан 7:45ке чейин Айт намазына келген конокторго куттуктоо сөзү берилет. Айт намаз саат 07:45те башталып 8:00дө аяктамакчы.
Айт намазы өлкөнүн аймактарында ар башка убакытта башталышы мүмкүн. Ош шаарында жыл сайын борбордук аянтта окулат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RNA78
2015-07-16 11:45:33
Орозо Айт маарек болсун мусулман бир туугандарым!!!
+3
bolotbai
2015-07-16 11:47:44
Айт намаз Кыргызстандын баардык жеринде бирдей убакытта саат 6:10 до башталат бекен,же орозонун календарындай ар областтарда минута менен айырмаланып башталат бекен?Билгендер кабарлап коюнуздар,алдын ала ракмат.
0
Abdurahman
2015-07-16 11:53:02
Урматтуу админ Ошто каерде болот айтып коесуздарбы
0
baymar
2015-07-16 12:38:48
Abdurahman, Акимиаттын жанында болотда каерде болмок.
0
Gema
2015-07-16 21:58:45
Баягы качып кетип бироосу озун граната менен жардырган Казакстандын жаранынын жанындагы Жанболот Амиров экен бироо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан