Бишкектин бала бакчаларында тамак-аш берүүнүн уюштурулушу текшерилди

Бүгүн, 16-июлда Бишкектин бала бакчаларында тамак-аш берүүнүн уюштурулушу текшерилди. Мындай кабарды КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Бишкекте мектепке чейинки билим берүү жайларында 29 167 наристе тамактанат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен тартипке ылайык, балдардын туура жана коопсуз тамактануусунун көзөмөлү тиешелүү бала бакчанын администрациясы жана Санитардык-эпидемиологиялык станция тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми азык-түлүктүн сапатына жергиликтүү билим берүү башкармалыктары жооптуу.

Учурда бала бакчаларда берилип жаткан тамак-ашка кеткен каражаттын 50 пайызы республикалык бюджеттен жана калган 50 пайызы ата-энелердин чөнтөгүнөн кетет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан