Япониянын Нагасаки шаарында биринчи жолу роботтор иштеген мейманкана ачылды. Бул тууралуу 16-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Henn-na" деп аталган мейманканада кардарларды тейлөөчү 3 администратор, 4 швейцар (кардарлардын унааларын унаа токтотуучу жайга жеткирүүчү кызматкер), 2 бөлмө тазалоочу жана 1 коноктордун кийимдерин илүү үчүн роботтор иштешет. Ал жерде учурда роботтордон тышкары 10 адам иштеп жатат. Адистер "темир кишилердин" санын көбөйтүп, жумуштардын 90 пайызын аткартууну пландашууда.
Роботтордун сырткы көрүнүшү кадимки адамга окшош, алар дем алып, көздөрүн ирмей алышат. Бир нече интонацияда япон, кытай, корей жана англис тилдеринде сүйлөй алышат.
Келген конокторго атайын программалар орнотулган планшет берилет. Ал планшет менен мейманканада кофе даярдоочу, бөлмөнү тазалоочу, шейшептердин тазалыгына жооп берүүчү роботтордун кызматын пайдалана алат. Бул идея ийгиликтүү болсо, адистер дүйнө жүзү боюнча ушул сыяктуу 1000ге чукул мейманкана курушарын айтышууда.