Бүгүн, 16-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Кванжу шаарында өткөн (Түштүк Корея) спортчу студенттердин арасындагы Жайкы Универсиадада коло медалга ээ болгон Дарья Маслованы куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, спортчу ушул жылдын 11-июлунда кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыгында финалдык жарышка катышкан. Маслова бул аралыкты 16 мүнөт 4,09 секундада чуркап өттү. Жыйынтыгында 15 спортчунун арасынан 3-орунду алып, коло медаль тагынды.
Эске салсак, Кванжу шаарында 3-июлдан 14-июлга чейин Дүйнөлүк Жайкы Универсиада өткөн, кыргыз өлкөсүнөн спорттун төрт түрүнөн 22 студент катышкан: дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын чемпиону Дарья Маслова Кыргыз мамлекеттик спорт жана дене тарбия академиясынын студенти. Профессионал катары ал 17 жашында машыгып баштаган. Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылынын тургуну.