Бүгүн, 17-июлда Бишкектеги эски аянтта Орозо айт намазы орун алды. Буга байланыштуу шаар ичиндеги унаа кыймылы эрте башталып, саат 6:00дө эски аянтка жакын аймактардагы жолдор жабылды. Эл акырындык менен аянтты көздөй агылып, орун алып жатты. Мусулмандар чогулган Айт намаздарда, жума намаздарда акча сураган кайырчылардын көбөйүп баратканы акыркы кездерде көп байкалууда. Бул күнкү намаз да аларсыз өткөн жок.
Чогулган элге башта дин тууралуу маселелер, баяндар айтылды. Анда сүйлөгөндөр элди түрдүү азгырыктарды ээрчибөөгө, берешен болууга, ынтымактуу болууга чакырышты. Андан соң муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, диндеги бир топ маселелерге токтолду. Намаз бүткөн соң муфтий менен саламдашуу үчүн эл кезекке тизилди.
Бийлик өкүлдөрүнөн аянтка ЖКнын спикери Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, депутат Турсунбай Бакир уулу, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев келди. А.Жээнбеков алгач президенттин куттуктоосун окуп, андан соң Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан элди куттуктады.
Намаз окулуп жаткан маалда элдин арасынан бирөө эсин жоготуп койду. Аны "Тез жардам" кызматкерлери элдин арасынан алып чыгып, ооруканага алып кетишти.