SUPER.KG порталынын эмгек жамааты мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт майрамы менен жалпы кыргыз элин куттуктайт!
Орозо айт - мусулмандар 30 күндүк орозо кармоону аяктаганда белгиленүүчү өзгөчө майрам. Бул майрамды мусулмандар “Орозо аяктады, ден соолук жана руханий жактан да тазаландык. Эң башкысы, беш парздын бирин аткардык” деп майрамдашат. Айтка карата ар бир үйдө түрлөп тамак-аш жасалып, дасторкон жайылат. Жакшы каалоо-тилектер айтылып, дуба кылынат. Тууган-урук, кошуна-колоңдун үйүнө айттап баруу менен уланат. Бул күнү учурашкан мусулмандардын дээрлик баары "Айтыңыз маарек болсун!" деген куттуктоо менен сөз башташат. Бул майрам ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут, ишиңиздерге ийгилик, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай ыроолосун!
Айтыңыздар маарек болсун!