Ош шаарында Айт намазга 12 миңден ашуун адам катышты

Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 17-июлда саат 7:45те Орозо айт намазына 12 миңден ашуун адам катышты. Мэриянын билдиришинче, Айт намазга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, Ош облусунун башчысынын орун басары Байыш Юсупов да катышты. 

“Бүгүн ыйык Орозо айы аяктап, Улуу жаратуучунун эң ыйык күндөрүнүн биринде жүз көрүшүп отурабыз. Бул күн бардык араздашкандар жарашып, касташкандар достошо турган күн. Бул күнү Алланын берекеси жааган күн экендиги Куранда айтылат. Орозо айт намазын окуу менен бирге мамлекетибизге, анын ичинде Ош шаарына береке, тынчтык жана ынтымак тилейли”,- деди Кадырбаев.


17-июлдагы Ош шаарындагы Орозо айт намазы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirana9395
2015-07-17 10:11:44
Айт намазыныздар кабыл болсун.Баарыныздарды ыйык Айт куну мн куттуктайм,кылган дубааларыныз кабыл болсун.
+1
Wolf_ero
2015-07-17 10:16:40
Ыйык орозо айт маарек болсун бир тууганым!
+1
hairullo
2015-07-17 12:51:38
Жараткан Аллах баарыбыздын окуган айт-намазыбызды кабыл кылган болсун. Аамин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан