Жалал-Абадда Айт намазы борбордук аянтта окулду

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 17-июлда Айт намазы борбордук аянтта окулду. Чогулгандарды облус башчынын орун басары Мамасалы Акматов, шаардын мэри Салайдин Авазов куттуктап, тургундарга каалоолорун айтышты. 
Шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев SUPER.KG`ге буларды билдирди: "Айт намазы саат 7:00дө башталды, катышуучулар былтыркыдан көп, болжол менен 15 миңдей адам катышты. Коомдук коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушту. Бир кичи автобуска микрофондор тагылып, азыркы учурда мэрия кызматкерлери шаар аралап тургундарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап жүрүшөт". 
Айта кетсек, бүгүн республика боюнча Орозо айт майрамы белгиленүүдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан