Саламаттыкты сактоо министри Бишкектеги атышуудан жаракат алган жоокерлердин абалы менен таанышты

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 17-июлда Бишкектеги атышуудан жаракат алган УКМКнын кызматкерлеринин абалы менен таанышты. Жаракат алгандардын ден соолугу туруктуу. Керектүү дары-дармектер менен камсыз болушканы маалымдалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 16-июлда согушчандар менен атышуудан 4 жоокер жаракат алган. Алардын биринин санына ок тийип, №4-шаардык ооруканага жаткырылган. Калган үчөө Улуттук госпиталга жаткырылган. Колуна ок тийген жоокер кан тамыр хирургиясына, манжаларынан жаракат алганы микрохирургия бөлүмүнө, дагы бири жаагынан жаракат алып, бет-жаак бөлүмүнө жаткырылган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
12.12.12
2015-07-17 16:48:36
Таанышкандай эмес, так рекламага суротко тушкондой го)))
-2
Memory
2015-07-17 17:23:01
12.12.12,
А сенин оюн боюнча кандай тушуш керек?
+1
bakyt_2015
2015-07-17 18:24:29
Кыргын болуп жап-жаш балдар олум алдында жатса,согушчандарды ушул бешоо женгенсип эстелик суротко тушконун кантесин.А корок бир кетирген катасын он кайталаган,олум алдында жаткан адамдын да чонтогуно колун сала калып былыгы артынан самсаалап агып,олбоочудой болгон врачтарын козомолго алсачы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан