27-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болушу күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрди түзөт.
Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -0...-5 °C
Талас облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -1...-6 °C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +6…+11°C, түнкүсүн --2...+3 °C
Баткен облусунда күндүз +2…+7°C, түнкүсүн -3...+2 °C
Ысык-Көл облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -2...-7°C
Нарын облусунда күндүз -3…+2°C, түнкүсүн -5...-10°C
Бишкек шаарында күндүз +2...+4°C, түнкүсүн 0...-2 °C.
Борбор шаарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.