Өткөн жылы 17-июлда Украинанын Донецк облусунда учак жарылып, анын ичиндегилердин баары көз жумушкан. Каза тапкандардын арасында Нидерланды, Малайзия, Австралия, Индонезия, Улуу Британия, Бельгия, Германия, Филиппин, Канада, Жаңы Зеландиянын жарандары болгон. Өткөн аптада авиакырсыктын 1 жылдыгына карата дүйнө эли малайзиялык учактын курмандыктарын эскерди. Бул тууралуу 17-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.