Алиясбек Алымкулов Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка 26-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Эске сала кетсек, 26-февралда аталган министрликти жетектеген Алиясбек Алымкулов президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.