Террорчуларды жок кылууда үйлөрү зыянга учураган жарандарга Бишкек мэриясы материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жабыр тарткандар менен бүгүн жолукту. Айта кетсек, 16-июлда террорчуларды жок кылуу боюнча атайын операциянын натыйжасында борбордо жайгашкан 5 үй-бүлөнүн турак жайы зыянга учураган. Учурда эки үй-бүлөгө социалдык жатаканадан бөлмөлөр бөлүнүп берилген. Дагы эки үй-бүлөнүн турак жайы жарым-жартылай жабыркагандыгына байланыштуу электр энергия, газ жана байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле дагы бир турак жайдын кожоюну үйүн ижарага берип келгендиктен, анын бүгүнкү күндө жашаган жери бар.
Жабыркагандарга эми медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары мэрия аларга 50 миң сом, ал эми Биринчи Май райондук администрациясы ар бирине 30 миң сомдон бөлүп берет. Бул каражаттар биринчи кезекте керектүү болгон кийим-кечеге жана тамак-ашка жумшалмакчы.