Чүй. Панфилов районунун көлмөлөрүнөн химиялык анализ алынды

Чүй облусунун Панфилов районунун көлмөлөрүнөн химиялык анализ алынды. Муну бүгүн, 20-июлда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда кабарлангандай, облуста жайгашкан Аламүдүн, Жайыл, Панфилов, Чүй, Ысык-Ата райондоруна тиешелүү көлмөлөр каттоодон өткөрүлдү. Кезекте Кемин, Сокулук, Москва райондоруна караштуу сууларды инвентаризациялоо турат. 

Айта кетсек, жалпысынан Чүй облусунда 50гө жакын көлмө бар. Алардын көлөмүнүн кичирейип же чоңоюп кетиши жана экологиялык абалы текшерүүдөн өткөрүлөт. Чүй облусунан кийин башка облустардагы суулар да каттоодон өтөт.  

Аталган иш-чаралар Балык чарба департаментинин 2014-жылдын 22-майындагы «Көлмөлөрдү инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө» №22-буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунда жайгашкан көлмөлөрдү паспорттоштуруу жана гидробиологиялык абалын текшерүү максатында Балык чарба департаментинин адистери Улуттук илимдер академиясынын Топурак таануу институтунун адистери менен биргеликте быйылкы жылдын 22-июлунан баштап Жайыл, Панфилов райондоруна иш сапарга жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан